Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 18.01.2018 10:56

Кара-Балтадагы жол кырсыктан мас абалдагы эки адам ооруканага жеткирилди

Turmush -  Кара-Балта шаарында жол-транспорт кырсыгынан эки адам жабыркады. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактардан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган жол кырсык 18-январда болжол менен 6:00 чамасында болгон. Анын кесепетинен Николаевка айылынын тургундары — 1986-жылы туулган З.В. жана 1988-жылы туулган Ш.А. жабыркап, райондук ооруканага жеткирилди. Медициналык кароо учурунда жабырлануучулар мас абалда болушкан. Ал эми З.В. баш сөөгүнөн жаракат алып, мээси чайкалып жана шыйрагы сынып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×