Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Чүй

Бишкек — Кара-Балта жолундагы кырсыктан 2 адам оор жаракат алды

Turmush -  Бишкек — Кара-Балта унаа жолундагы жол-транспорт кырсыктан 2 адам жаракат алды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсык 16-декабрга караган түнү болгон. Эки унаанын кагышуусунда жарбыр тарткандар:

- 1976-жылы туулган С.З. (аял киши), баш мээси чайкалып, омурткасы сынган;

- 1968-жылы туулган А.Н., баш сөөгүнөн жана көкүрөгүнөн жаракат алган.

Жабыркагандар травматология бөлүмүнө жаткырылып, учурда жол кырсык фактысы боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1033
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×