Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Чүй

Кара-балталык Б.Багиров 16 кг салмактагы гиряны 42 ирет көтөрдү (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарында Жаштар күнүнө карата армрестлинг, аркан тартыш жана гиря боюнча таймаш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мелдеш В.Ленин атындагы маданий ордонун аянтында уюштурулду. Гиря көтөрүү боюнча мыкты көрсөткүчтү Кара-Балта шаарынын 18 жаштагы тургуну Башир Багиров көрсөттү. Ал Кара-Балта техника-экономикалык колледжинде окуйт. Б.Багиров 16 кг салмактагы гиряны 42 жолу көтөрдү.

«Спорттун оор түрү менен машыкпайм. Ата-энеме үй жумуштарына жардам берем. Ошондуктан физикалык жактан күчтүүмүн. Таймаштын тизмесине акыркы болуп катталгам», - деди ал.

Таймашка жалпы 20 жигит катышса, алардын айрымдары гиряны 5 ирет да көтөрө алышкан эмес. Мелдеште 2-орунга татыктуу болгон катышуучу 16 кг салмактагы гиряны 35 жолу көтөрдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1022
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×