Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Чүй

Кара-Балтада «Ауди С4» толугу менен өрттөндү

Turmush -  Акыркы суткада республиканын аймагында 12 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 9-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Бишкектеги Жаш Гвардия бульварынын №32 дарегиндеги үйдөгү 2 бөлмөлүү батирде өрт чыкты. Өрт учурунда эмеректер, ноутбук, кийим-кече, төшөктөр жана документтер күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Өрткө тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон.

Ошондой эле, электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан Кара-Балта шаарында «Ауди С4» (мамлекеттик номуру S36-39AN) үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөндү.  

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1174
×