Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Чүй

Кара-Балтада аялды сүзүп качкан 35 жаштагы айдоочу кармалды

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон аял кишини сүзүп кеткен унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй ОИИБдин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, ушул жылдын 21-октябрында болжол менен саат 19:40 чамасында Кара-Балта шаарындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон аял кишини «Субару Форестер» үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп, айдоочусу изин жашырып качып кеткен. Жол кырсык болгон жерден аталган аял катуу жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген.

Патрулдук милиция башкармалыгы тарабынан ыкчам издөө иштери жүрүп, анын натыйжасында «Субару Форестер» унаасынын 35 жаштагы айдоочусу кармалган. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери башталып, унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 770
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×