Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Чүй

Фото - Кара-Балтада 5-кабаттан секирип каза болгон 14 жаштагы кыз өз өмүрүн кыюуну сентябрда пландаган

Turmush -  Кара-Балта шаарында 5-кабаттан секирип каза болгон 14 жаштагы кыз өз өмүрүн кыюуну сентябрь айынан бери эле пландап жаткан. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын достору айтып беришти.

Алардын айтымында, Жибек ата-энесинин ажырашуусуна тынчсызданып, акыркы күндөрү көчөгө көп чыкпай калган. Буга чейин ал достору менен сүйлөшкөндө өз өмүрүнө кол сала тургандыгын билдирген. Бирок алар ишенишкен эмес.

Буга чейин Turmush басылмасына Кара-Балта шаарында 14 жаштагы кыз өз өмүрүнө кол салып каза болгондугу маалымдалган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, 18-октябрь күнү өспүрүм кыз 5-кабаттагы батирдин балконунан секирип кеткен. Анын өз өмүрүн кыюусуна таежеси экөөнүн урушу себеп болгон.

Тургундар белгилегендей, каза болгон кыздын ата-энеси чет өлкөдө иштешет. Ал эми кыз Макаренко атындагы №10 лицейде окуп жана туугандары менен жашап жаткан.

Кийинчерээк лицейдин директору Эмил Бердыбаев окуя 18-октябрь күнү саат 21:00дөр чамасында болгонун билдирди. Анын айтымында, өспүрүм кыз таенеси, эжеси жана байкеси менен жашап жаткан. Ж.Жибек 2003-жылы Талас облусунда төрөлүп, 2014-жылдан бери аталган лицейде билим алып келген.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери аны менен бирге окуган окуучулардан маалымат алды. Turmush басылмасына маалым болгондой, 14 жаштагы кыздын ата-энеси ажырашып кеткен, учурда анын апасы Түркияда иштесе, атасы Орусияда эмгектенет.

Алгач Жибектин өз өмүрүн кыюусуна таежеси экөөнүн урушу себеп болгону айтылган. Бирок кийин өспүрүм кыз таежеси эмес, улуу эжеси — 10-класстын окуучусу менен урушкандыгы аныктылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1684
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×