Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Чүй

Кара-Балтада трансформатордун майы уурдалып, териштирүү жүрүп жатат

Turmush -  Чүй облусу боюнча кечээ, 15-октябрда президенттик шайлоо учурунда тартип бузуулар катталган жок. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

«Облус аймагында шайлоо күнү тартип бузуулар катталган жок. Коомдук тартипти милиция кызматкерлеринен тышкары элдик кошуундун 1 миң 500 мүчөсү  жана ардагерлер көзөмөлдөдү. Шайлоо алдында коопсуздукту сактоо үчүн жетекчилер тиешелүү кызматтарга нускамаларды берип, текшерүүлөрдү жүргүздү. Олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок.

Бирок 13-октябрь күнү Жайыл РИИБге Кара-Балта шаарында трансформатордогу 490 кг өлчөмдөгү май уурдалганы тууралуу арыз түшкөн. Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, шайлоо күнү өзүн тизмеден таппай калган жарандар кайрылып жатышты. Массалык маалымат каражаттардын биринде жазылган белгисиз аялдардын шайлоого бара турган же барбай турган адамдардын тизмесин тактап жүргөндүгү тууралуу маалымат текшерилип, бирок аныкталган жок. Түзүмгө расмий арыз менен эч ким кайрылган жок», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2012
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×