Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 14.09.2017 15:47

Кара-Балтада кичи автобус оодарылып, 6 адам жабыркады

Turmush -  Кара-Балта шаарынын аймагында болгон жол-транспорт кырсыгынан 6 адам жабыркады. Бул тууралуу Turmush басылмасына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 13-августта Кара-Балта – Сары-Булак унаа жолунда кичи автобус оодарылып кетип, анын кесепетинен 6 адам жабыркаган. Алардын арасындагы 4 адам ооруканага жеткирилген.

Жол кырсыгынан жабыркагандардын тизмеси:

- 2000-жылы туулган Т.Бурулай, Кара-Балта шаарынын тургуну;

- 1972-жылы туулган К.Жеңишбүбү, Кара-Балта шаарынын тургуну;

- 1994-жылы туулган Х.Нургүл, Кара-Балта шаарынын тургуну;

- 1982-жылы туулган К.Жамал, Кара-Балта шаарынын тургуну;

- 1994-жылы туулган Н.кызы Нурия, Кара-Балта шаарынын тургуну;

- 2000-жылы туулган Т.Жыпара, Кайыңды шаарынын тургуну.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×