Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Чүй

Каратэ-до боюнча Азия чемпионатында күмүш алган Д.Соотбаева ардак грамота менен сыйланды (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын мэриясы Азия-2017 чемпионатында күмүш медалга ээ болгон спортчу кыз Дильназ Соотбаеваны ардак грамота менен сыйлады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, жаш спортчу Казакстанда өткөн XVI Азия чемпионатында каратэ-до боюнча кадеттер, өспүрүмдөр жана жаштар арасында байгелүү орунга ээ болгон. Аталган чемпионат Бүткүл дүйнөлүк каратэ-до федерациясы тарабынан уюштурулуп, ага Азиядан 35 өлкө катышты. Бул мелдешке Кара-Балта шаарынын атынан «Самурай» клубунун спортчуларын машыктыруучу Павел Бондаренко жетектеп барды.

«Чемпионаттын финалында Дильназ япониялык күчтүү спортчу менен беттешти. Японияда каратэ-до спорттун бегилүү түрү жана ал жактан ар дайым жакшы даярдалган спортчулар келишет. Дильназ ал кыздан бир канча упай менен артта калды. Мындай турнирде күмүш байгени алуу биз үчүн жеңиш», - деди П.Бондаренко.

Жаш спортчу бала кезинен мушкер болууну кыялданчу, бирок алты жашынан бери каратэ-до менен машыгат. Ал мелдештерден жалпы 80 медаль алса, анын 55и алтын. Ошондой эле, ал Казанда өткөн бүткүл россиялык мелдештин, Борбор Азиянын эки жолку жана Казакстанда, Өзбекстанда, Кыргызстанда өткөн эл аралык таймаштардын чемпиону жана катышуучусу болгон. Учурда ал 47 кг салмак даражасы боюнча Кыргызстандын чемпиону жана каратэ-до боюнча курама команданын мүчөсү.

Дильназа беш бир туугандын улуусу. Анын кичүү иниси да аталган спорттун түрү менен машыгат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1406
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×