Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Чүй

«Мекендештер»: Кара-балталык спортчу Э.Шигайбаев Түркиянын футболдук клубунда машыгып жатат (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Жайыл районуна караштуу Кара-Балтада шаарынын 16 жаштагы тургуну Эмир Шигайбаев.

Ал Түркиянын Анталья шаарындагы «Антальяспор» футболдук клубунун мектебине жолдомо алып, ал жактагы өспүрүмдөрдүн футбол командасында машыгып жатат.

«Мен бала кезден спортко анын ичинен футболго абдан жакын өстүм. Бүт жан дүйнөм менен берилип ойнойм. Ошонун натыйжасында Түркиядагы "Антальяспор" футболдук клубуна кабыл алындым. Ал жерге кабыл алуу ушул жазында болду. Бир жума ал жакта машыгууда болдум, андан кийин мага "биздин мектепке өттүӊ" дешти. Негизи түрк боордошторубуз футболду жакшы көрүшөт экен. Мектептин шарты абдан жакшы. Биздин спорт мектептерибизге салыштырмалуу бул мектепте талап күчтүү жана даярдоосу, машыктыруусу өтө жогорку деңгээлде. Мен "Антальяспордун" академиясында жашайм. Үч маал тамак берет. Күндө машыгуулар болуп турат. Эч жака чыгарышбайт. Негизи бул академияда спорттун көптөгөн түрү бар. Анын ичинен 80 бала футболдо ойношот. Биздин командада 30 бала барбыз. Анын көбү түрк улутундагылар. Арасында 3 немис, 2 француз, 1 мароккалык бала бар. Жатаканада жалпы 300 окуучу жатып окуйт. Негизи стипендия төлөп беришет. Менде азырынча керектүү документтер толук даяр болбогондуктан стипендия ала элекмин. Бул жакта 18 жашка чейин машыгам. Андан кийин кудай буюрса келишим түзүп алсам, «Антальяспордо» көпкө калам», - деди ал.

Жаш футболчу үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.

«Эки эжем, бир иним бар. Атам, апам жана иним Москвада жашайт. Улуу эжем турмушка чыгып, 2 баланын энеси болгон», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 795
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×