Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Чүй

Кара-Балтадагы «Манас» спорттук комплексине жаңы күрөш залы курулду (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорттук комплексинде күрөш залынын курулушу жана комплекстин аймагын жакшыртуу иштери аяктады. Аталган спорт комплекске жаңы дарбаза орнотулуп, велосипеддерди токтотуучу жай жасалды.

«Манас» спорттук комплексинин директору Айбек Аманбаевдин маалыматына караганда, күрөш килемдерин сатып алуу үчүн Кара-Балта шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан тендер өткөрүлгөн.

«Учурда биз төрт күрөш килеминин алынып келинишин күтүп жатабыз», - деди ал.

Мындан сырткары, имараттын биринчи кабатындагы кассир жана методисттин иш бөлмөсүн, экинчи кабаттагы чоң залды оңдоп-түзөп, фитнес залын ачуу, ошондой эле кышкы бассейндин желдетүү системасын оңдоп, аны ишке берүү пландалган. Бирок ушул жылы спорт комплексине бөлүнгөн бюджет кыскартылып, пландалган оңдоп-түзөө иштери толук аткарылбай калган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 623
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×