Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Чүй

Кара-Балтанын мэрин шайлоо күнү 30-август деп белгиленди

Turmush -  Борбордук шайлоо комиссиясы Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо күнүн 30-август деп бекитти. Мындай чечим БШКнын бүгүн, 25-августтагы жыйынында кабыл алынды.

Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо бүгүн, 25-августка белгиленген. Бирок шаардык кеңештеги депутаттардын кворуму жок болгондуктан шайлоо өтпөй калды. Turmush басылмасынын кабарчысы билдирген маалымат боюнча, саат 10:00гө белгиленген жыйынга «Элдик-Народная» партиясынан болгону 3 депутат чогулган. 

Буга чейин Кара-Балта шаарынын мэри кызматына 2 талапкер — көпчүлүк коалициядан Кара-Балта шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Данияр Шабданов менен азчылык коалициядан мурда өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүндө эмгектенген Замир Урманбетов катталган.

Д.Шабданов

З.Урманбетов

Замир Урманбетов

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1409
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×