Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 16.08.2017 15:08

Кара-Балтанын мэри кызматына бир дагы талапкер каттоодон өтө элек

Turmush -  Кара-Балта шаарынын мэри кызматына 15-августка карата бир дагы талапкер расмий каттоодон өткөн жок. Мэрдик кызматка барууну каалаган талапкерлердин документтерин кабыл алуунун мөөнөтү эртең, 17-августта саат 18:00дө аяктайт, деп билдирди Жайыл райондук аймактык шайлоо комиссиясы.

Мэрди шайлоо 2017-жылдын 25-августунда саат 09:00дөн тарта 12:00гө чейин деп белгиленген. Шаардын жаңы жетекчисин шаардык кеңештеги депутаттар жашыруун добуш берүү аркылуу тандашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×