Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 12.08.2017 16:31

Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо күнү бекитилди

Turmush -  Кара-Балта шаардык кеңештин төрөгалыгына Азимкул Боромбаев шайланды.

Маалым болгондой, шаардык кеңештин төрөгалык кызматына 2 талапкер «ЭлАман» партиясынан Т.Суюмбаев жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынан А.Боромбаев ат салышкан. Шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу өтүп, Азимкул Боромбаевге 30 депутаттын 18и добушун берди.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу» мыйзамынын 37-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, эгер жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн экиси шайлоого катышса кеңештин төрөгасын тандоо өттү деп эсептелинет.

Аталган шаардык кеңештин төрөгасы дайындалгандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоону 25-августта өткөрүү чечимин кабыл алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×