Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 07.08.2017 18:27

Кара-Балта шаардык кеңештин төрагалыгына мурунку милиционер А.Боромбаев келди (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаардык кеңештин төрагалыгына 35 жаштагы Азимкул Боромбаев Рыскулович шайланды. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдагандай, 30 депутаттын 18и өз добуштарын А.Боромбаевге беришсе, калган 12 депутат Т.Сүйүмбаевди колдогон.

1398257.1.1502108626

Бүгүн, 7-августта Кара-Балта шаардык кеңештин төрагалыгына «ЭлАман» партиясынан Таалайбек Сүйүмбаев жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынан Азимкул Боромбаев ат салышты. Кара-Балта шаардык кеңеште жалпы 31 депутат бар. Анын ичинен 30 депутат бүгүнкү шайлоого катышты.

Таалайбек Сүйүмбаев шаардык кеңештин мурунку төрагасы болгон. Ал эми, Азимкул Боромбаев 2004-жылдан 2014-жылга чейин укук коргоо органдарында иштеген. Учурда жеке ишкер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×