Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 05.07.2017 18:14

Айыл турмушу: Чүйлүк Д.Нурбаев грэпплинг боюнча КРнын 4 жолку чемпиону болууга жетишти (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын 25 жаштагы тургуну Дооронбек Нурбаев грэпплинг боюнча Кыргызстандын 4 жолку чемпиону. Аймактык кабарчы чемпион менен таанышты.

Анын айтымында, спорт менен 3-классынан бери машыгып келет.

«3-классымдан 10-классыма чейин дзюдо менен машыгып келгем. 10-класстан бери азыркы машыктыруучум Чикиров Кенжебек агайымдын колунда грэпплинг боюнча машыгып, ийгилик жарата баштадым. Бул оюнда кайруу ыкмасы менен атаандашты багынтып, жеңишке жетүү керек. Мен 2012-жылдан 2015-жылга чейин Кыргызстандын 4 жолку чемипиону болдум. 2013-жылы Москвада өткөн дүйнө чемпиондугунда 2-орунду ээлеп келгем.

Мындан тышкары, азиялык мелдештерде күч сынашып жүрөм. Азыркы учурда 77 кг салмак менен мелдештерге чыгам», - деди ал.

Спортчу үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×