Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 29.03.2017 12:31

Эл ичи — өнөр кенчи: Ырчы К.Чокоев ырдаганды, орус тилинде сүйлөгөндү сыналгыдан үйрөнгөн (видео, фото)

Turmush -  Белгилүү ырчы Курал Чокоев бала кезинде кыргыз шоу дүйнөсүнө аттанып, ырчы болуу оюна да келген эмес. Аны ырчылыкка сыналгы гана түрткөн. К.Чокоев менен аймактык кабарчы таанышты.

«Чыгармачылыкта жүргөнүмө 10 жыл болуп калды. Ушул мезгилге чейин 20дан ашык ыр жаратып, 10дон ашуун клип тарттырууга жетиштим. 2011-жылы Улуттук драм театрда бир жыл иштегенден кийин, өз алдымча чыгармачылыкка кириштим. 11-класска чейин аябай тартынчаак, уялчаак бала болчумун. Мектептеги маданий иш-чараларга, кечелерге катышчу эмесмин. Ырдап да, бийлечү да эмесмин. Болгону акыркы коңгуроодо дос балам менен чогу гитара чертип ырдагам. Ошондо элдин баары таң калып, жакшы ырдайт экенсиң деп айтышкан», - деди К.Чокоев.

Курал Чокоевдин бала кезиндеги сүрөттөрү

Ырчы биринчи жолу чоң сахнага Кара-Балта шаарындагы ат майданда Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн «Жылдыз бол» сынагында ырдап чыккан.

«Акыркы жылдары өзүм жазган чыгармаларды ырдап чыга баштадым. Буга чейин эски ырларды жаңыртып ырдап жүргөм. Мени ырчылыкка сыналгы гана түрттү. Бардыгын сыналгыдан үйрөнгөм. Ырдаганды дагы, орус тилинде сүйлөгөндү дагы сыналгыдан үйрөндүм», - деди ал.

К.Чокоев эл аралык сынактарда, фестивалдарда байгелүү орундарды ээлеп келет. Ал «Алтын үн» наамын жана «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин алууга жетишкен.

Курал Чокоевдин азыркы учурдагы сүрөттөрү

Курал Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Партсъезд айылында 1987-жылдын 3-июлунда төрөлгөн. 1993-жылы аталган айылдагы мектепке 1-класска кирип, 4 жылдан кийин Кара-Балта шаарындагы мектепке которулган. 2004-жылы окууну аяктагандан кийин Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин теар жана кино факультетине барган.

Атасы Эшкожо Чокоев кесиби боюнча агроном, апасы Замира Чокоеванын кесиби тигүүчү. Атасы аккордеон тартса, апасы ырдайт. Алар азыркы мезгилде Кара-Балта шаарында турушат. К.Чокоев 4 бир туугандын эң улуусу.

Ырчы ушул жылы бойдокчулук менен коштошууну пландап жатканын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×