Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 23.03.2017 16:39 На русском

А.Солтонбекова өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды (резюме)

Turmush -  Солтонбекова Ализа Карыпбековна өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.

Бүгүн, 23-мартта өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, облус жетекчиси Б.Кудайбергенов социалдык маселелер боюнча жаңы орун басарын жамаатка тааныштырды.

38 жаштагы А.Солтонбекова Бишкек шаарында төрөлгөн.

Билими:

- Бишкек каржы-экономикалык техникумунун фанансы бөлүмүн артыкчылык диплом менен бүтүргөн;

- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен экономист адистигин алган;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академиясын мамлекеттик башкаруу боюнча магистранты, менеджмент адистиги;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы дипломаттык академиянын эл аралык байланыш боюнча адистиктин ээси.

Эмгек жолу:

- 1998-2001-жылдары Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка орто мектебинде экономика жана кыргыз тили сабагы боюнча мугалим;  

- 2001-2004-жылдары Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айыл өкмөтүнүн жаштар комитетинин төрайымы;  

- 2004-2008-жылдары Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси;

- 2008-жылдын 7-январында Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары болуп дайындалган;

- 2012-2017-жылдары Өкмөт аппаратынын жарандарды кабыл алуу жана каттар бөлүмүнүн башчысы;

- 2017-жылдын 23-январынан бери Өкмөт аппаратынын билим, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы.  

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн мурунку орун басары Ж.Айдакеева ээлеген кызматынан өз арызынын негизинде бошотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×