Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 23.03.2017 09:41 На русском

Айыл турмушу: Кара-балталык Татьяна жакындарын үйгө кийүүчү өзгөчө бут кийимдерди жасап берип кубантат (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын тургуну Татьяна 2 жылдан бери аялдар үчүн үйгө кийилүүчү бут кийимдерди жасап, жакындарына белекке берет. Энергетик кесибинин ээси Татьяна учурда небересин багып, сүйүктүү иши менен алектенүүгө да жетишүүдө. Анын эмгектери менен аймактык кабарчы таанышты.

«Албетте, үй тиричилиги менен алек болуп жүрүп бош убактым деле болбой калат. Бирок, бир азга колум бош боло калса эле жип алып, үйгө кийген бут кийимдерди түйүп баштайм. Мындай бут кийимди базардан таба албайсың. Андыктан белекке берсең өзгөчө белек болуп, алган адам сүйүнбөй койбойт. Өзүм сүйүп жасаган ишимден пайда табууга аракет кылып көрдүм. Бирок, көп чыгым болгондуктан кымбат баага сата албайт экенсиң», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×