Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 23.03.2017 09:27

Кара-Балтадагы кесиптик лицейдин студенттери Воронеж шаарынан акысыз билим алып келишет

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы №102 кесиптик лицейдин мал-жандыктардын дартын аныктап, дарылоо бөлүмүндө билим алган 4 студент биринчи жолу Орусиянын Воронеж шаарына билим алууга жөнөтүлөт. Кесиптик лицейдин жетекчиси Гүлнара Туленованын айтымында, студенттер чет элде билим алууну акысыз негизде улантышат.

«Буга чейин дагы студенттерибиз башка мамлекеттерде окуп келишкен. Быйыл Германиядан биз жиберген 6 студентибиз билим алып кайтат. Алар тажрыйба да топтой алышты», - деди Г.Туленова.

Бул жылы Россияга баруучу студенттер маектешүү аркылуу тандалат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×