Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 22.03.2017 12:44

Айыл турмушу: С.Яхменко майыптыгына карабай жубайы таштап кеткен баласын чоңойтуп жатат (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын тургуну Семен Яхменко майыптыгына карабай үй буюмдарын оңдоп киреше таап, жалгыз уулу Михаилди тарбиялап келет. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, балдак менен басат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан 16 жашынан баштап иштей баштаган. Атасы өз убагында үй эмеректерин жасагандыктан баласынын дагы бул кесипти аркалашын каалаган.

«Атам өзү айтып, жол көрсөткөн кесипти аркалоо мен үчүн абдан эле оор болду. Кантсе да бул ишке физикалык жактан чоң күч талап кылынаарын баамдадым. Эмерек жасаганда оор буюмдарды ордунан жылдырып, башка жерге коюш керек экен. Кийинчерээк троллейбустардын да айдоочусу болууга аракет кылдым. Унааны башкаруу мен үчүн көйгөй деле болгон жок, бирок электр зымдарына туташкан жери чыгып кеткенде кайра ордуна келтириш керек экен. Мен болсо андайга жарабайм. Андан кийин киномеханик болуу аракетин көрдүм, бирок ленталарды көтөрүш үчүн да күч керектигин билип, тилекке каршы бул кесиптин да ээси боло алган жокмун», - деди ал.

1

Каарманыбыз буга катар эле базарда тамеки жана гезиттерди сатуу менен да алектенгенин белгиледи. Түрдүү кесиптерде өз күчүн сынап көрүп, азыркы учурда аудио-видео аппаратураларды, уюлдук телефондорду жана башка үй тиричилигинде колдонула турган техникаларды оңдогонду өздөштүрүп алган. 10-класста билим алган уулу Михаил жумушуна жардам берип, ар тараптан колдоо көрсөтүп турат. Жубайы уулу 4 жашка толгон кезинде баласы экөөнү таштап, башка адам менен турмуш куруп кеткен. Кичинекей уулу менен жалгыз калган ата турмуштун түрдүү сыноосунан өткөнүн айтат.

«Үйлөнгөндө биздин балалуу болуу кыялыбызга көпчүлүк каршы болгон. Алардын оюнда майып бала төрөлүшү мүмкүн эле. Себеби бизди калтырып кеткен жубайымдын дагы майыптыгы бар. Бала жытын искеп, наристе эркелетүү кыялымдан кайтпай, балалуу болдук. Азыр уулум Михаилдин ден соолугу жакшы, айланасындагы курбу-курдаштарынан калбай чоңоюп келе жатканына ыраазымын. Экөөбүз бири-бирибизди колдоп, жумушта чогуу иштеп, өз жаныбызды багып келебиз. Михаилди эч нерседен кем кылгым келбейт. Кээде түнү бою жумушта отуруп иштейм», - деди уста.

2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×