Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 15.03.2017 09:00

Айыл турмушу: Кара-балталык жаш фермер куйруктуу гиссар койлорун 50 миң сомго чейин сатат (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын 25 жаштагы тургуну Аскар Акназаров 5 жылдан бери гиссар породасындагы койлорду багып, аларды көбөйтүү аракетинде. Turmush басылмасынын кабарчысы жаш фермердин мал чарбасы менен таанышып келди.

А.Акназаровдун айтымында, анын мал чарбасында куйруктуу гиссар породасындагы койлор басымдуу.

«Бул породадагы койлор эт багытындагы мал. Алар Борбор Азияда көп багылат. Алардын бою 85 сантиметрге, ал эми узундугу 80 сантиметрге чейин жетет. Жаңы туулган козусу 3 ай бою ар бир күн сайын 0,5 киллограмм салмак кошуп турат. Жакшы кармап, жакшы бакса бул койлор салмактуу келет. Чоӊ койлордун салмагы чет өлкөлөрдө 500 киллограммга чейин жетет экен. Менин койлорумдун салмагы 200 киллограммга чейин барат», - дейт А.Акназаров.

Жаш ишкер койлорун мал базарга алып барып, 15 миң сомдон 50 миң сомго чейин сатып келет. Келечекте ал мал чарбасын өнүктүрүп, фермасын кеӊейтүүнү пландоодо.

Аскар Акназаров үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×