Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 08.02.2017 10:48 На русском

Кара-Балтанын мэрин шайлоо үчүн кайрадан кворум толбой калды

Turmush -  Кара-Балта шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында кайрадан кворум болгон жок.

Аймактык кабарчы билдиргендей, бүгүн, 8-февралда шаардын мэри шайланмак. Бирок, белгиленген убакытка шаардык кеңештеги 31 депутаттын ичинен 18 эл өкүлү гана чогулган. Шайлоого «Кыргызстан», «Ак шумкар» жана «ЭлАман» партиясынын депутаттары келген жок. Андан улам көпчүлүк коалициянын лидери Р.Жолдошбаев мэрди шайлоону саат 12:00гө чейин жылдырууну сунуштады.

Сессиянын күн тартибиндеги негизги маселени кароо үчүн депутаттардын 2/3 бөлүгү катышуусу керек.

Мурда маалымдалгандай, Кара-Балта шаардык кеңеште КСДП, «Элдик - Народная» жана «Республика - Ата Журт» партияларынан турган көпчүлүк коалиция түзүлгөн. Көпчүлүк коалиция «Биздин шаар» деп аталып, анын төрагасы «Элдик - Народная» партиясынын депутаты Рустам Жолдошбаев болгон.

Шаардын мэри кызматына 2 талапкер катталган. Көпчүлүк коалиция мэрдин милдетин аткаруучу Данияр Шабдановдун талапкерлигин көрсөтсө, экинчи талапкер — шаардык кеңештин мурунку депутаты Кубанычбек Жанболотов («Акшумкар»).

Д.Шабданов

Ш

К.Жанболотов

Ж

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×