Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 27.01.2017 11:28 На русском

Айыл турмушу: Кара-балталык Тимур жыгачтан жасаган түрдүү үй эмеректерин сатуу үчүн Кыргызстанды түрө кыдырат (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын 45 жаштагы тургуну Тимур жыгачтан үй эмеректеринин түрлөрүн жасайт. Анын кол өнөрчүлүгү менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышып келди.

Ал көбүнчө ашканага керектүү такталарды, үбөлүктөрдү, чоң жана кичинекей отургучтарды, балдар үчүн эки кабаттуу керебеттерди жана башка буюмдарды жасайт. Уста бул иш менен 10 жылдан берип эмгектенип, эмеректерин базарга алып чыгып сатат.

«Мен жасаган бир эле буюмдун көп түрлөрү бар. Мисалы, тамак-аш бышырууда колдонулган такталардын көлөмүнө жана калыңдыгына жараша 5 түрү бар. Алардын баасы 50 сомдон 200 сомго чейин. Бул баалар базардагы бааларга караганда кыйла эле арзан. Ошондуктан башка ишканаларга караганда менин товарларымдын өтүмү жакшы. Кыш мезгилинде Кара-Балтанын базарынан чыгып жасаган буюмдарымды сатам. Ал эми, жайында Ысык-Көлгө барып, товарларды жарманкеге коём. Ошондой эле, башка облустарга барып сатууга аракет жасайм. Жакшы көргөн бул ишимдин аркасынан акча табуу гана эмес, өлкөнүн ар бир аймагына саякатка чыгам», -дейт уста.

Анын айтымында, кардарлардын көбү боорсоктун, бешбармактын камырын кескенге ылайыктуу такталарга буюртмаларды беришет. Уста жыгач буюмдарды жасоо үчүн кара бактарды, кайыңды колдонот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×