Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 03.01.2017 17:38

Кара-балталык окуучу грек-рим күрөшү боюнча облустук биринчиликте күмүш медаль утту

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексинин тарбиялануучусу грек-рим күрөшү боюнча Чүй облустук биринчилигинде күмүш медалга ээ болду.

Декабрь айынын аягында Аламүдүн районунун Ленин айылында грек-рим күрөшү боюнча Чүй облусунун биринчилиги өттү. Ага Казакстан жана Кыргызстандын аймактарынан келген 350 спортчу катышты. Кара-Балта шаарынын атынан №1 орто мектебинин 9-классынын окуучусу Лиар Жунушбаев катышты. Аны Игорь Коволенко машыктырат.

Лиар Жунушбаев 100 кг салмак даражасы боюнча мелдешип, жыйынтыгында 2-орунга ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×