Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 26.12.2016 12:59

Айыл турмушу: Кара-балталык Жанна шаардыктарга жаңы жылдык маанай тартуулоодо (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын тургуну Жанна Акбарова жаңы жылдык майрамга карата кооз буюмдарды жасап, сатыкка чыгарууда.

Ж.Акбарова үйгө жана иш бөлмөгө ылайыктуу буюмдарды жасайт. Ал кичинекей кезинен тарта жаңы жылдык жасалгаларды жасап келет.

«Кээ бир идеяларды интернеттен алып, өзүмдүн фантазиямды кошуп, түрдүү кооздуктарды жасайм. Мындай кооз буюмдар көпчүлүккө жаңы жылдык маанай тартуулайт. Кардарларым да ыраазы болуп кетишет. Жыл сайын жаңы жыл алдында кооз буюмдарды жасап, аларды жолдошум иштеген дүкөнгө сатыкка коем. Бош убактым болсо эле ушул иш менен алектенем», - дейт ал.

Жанна быйыл ар кандай түстөгү кийим кийген балериналарды жасап сатууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×