Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 28.11.2016 10:19

Кара-Балтада биринчи жолу унаа жарыш боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлдү (фото, видео)

Turmush -  Кара-Балта шаарында биринчи жолу «Кара-Балта – 2016» аталышында унаа жарыш өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ал 27-ноябрда шаардын батыш тарабында джип жана квадроциклдердин айдоочулары арасында өткөрүлдү. Ага Кара-Балта, Бишкек, Ош шаарларынын айдоочулары жана Казакстандан келген коноктор катышты. Унаа жарышка миңдеген көрүүчүлөр күбө болушту.

Жарыш үчүн жолду даярдоо иштери Казакстандан келген адистердин катышуусунда эки жума жүргүзүлдү. Бул жерде тоскоолдуктары менен эки тилке даярдалган. Анын узундугу 1,3 жана 2,5 чакырымды түзгөн. Унаа жарыш кара-балталык Сергей Красюков жана Аскар Мухановдор тарабынан уюштурулду.

Кара-Балта шаарынын мэриясы эл аралык унаа жарыштарын шаарда өткөрүүнү колдоого алды. Анын негизги белеги мэрдин кубогу болду.

Мэр Данияр Шабданов шаарда спорттун ар кандай түрлөрү өнүккөндүгүн жана унаа жарыш буга чейин өткөрүлбөгөндүгүн белгиледи.

«Шаарда ар түрдүү медештерге катышып жүргөн 4 унаа бар», - дейт шаар мэри.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×