Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 16.11.2016 13:37

Ардагерлердин футбол боюнча чемпионатында кара-балталыктардын «Химик» командасы «Динамо-Чүйдү» жеңди

Turmush -  Кыргызстандагы ардагерлер арасындагы футбол боюнча XV чемпионаттын алкагында  кара-балталыктардын «Химик» командасы «Динамо-Чүй» командасынын үстүнөн жеңишке жетишти. 12-ноябрда өткөн мелдеш 2:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Оюн талаасында дарбазага Мусаев, Аблабеков жана Жамгырчиев гол киргизди. Ал эми, эң мыкты футболчу болуп Руслан Кистебаев аталды. Анын эсебинде 40 гол бар.

Кыргызстандагы ардагерлер арасындагы футбол боюнча XV  чемпионаттын жыйынтыгында 15тен ашуун команданын ичинен «Химик» командасы турнирдик таблицанын 6-орунуна жазылды. 28 беттеш өткөргөн команда 15 жолу жеңишке жетсе, 10 жолу жеңилип, 48 упай топтоду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×