Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 09.11.2016 09:29

Кара-Балтада 3 окуучу музыкалык мектепте 1 жыл бекер окумай болду

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы 3 окуучу музыкалык мектепте 1 жыл бекер окууга атайын сертификат алышты. Бул тууралуу Жайыл райадминистрациясынын маданият бөлүмүнүн башчысы Сокен Какеева билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим Тарых жана маданият жылына карата кабыл алынып, сертификаттар Ангелина Худяковага, Иван Юртаевге жана Егор Собченкого берилди.

«Сертификаттарды балдарга ата-энелердин чогулушунда тапшырдым. Сертификаттар музыкалык мектепте 1 жыл бекер окууга мүмкүндүк берет. Алар көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жакшы окуган балдарына берилди. Бул саамалык кийинки жылы да уланат», - деди ал.

Учурда музыкалык мектепте 238 окуучу билим алып, 23 мугалим эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×