Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 07.11.2016 10:37

Кара-Балта шаардык кеңешине ат салышкан партиялар чүчү кулак кармады

Turmush -  Жайыл райондук аймактык шайлоо комиссиясы шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катыша турган партиялардын арасында чүчү кулак өткөрдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Жайыл району боюнча атайын өкүлү Гүлмира Копосбаева билдирди.

Анын айтымында, Кара-Балта шаардык кеңешти шайлоого катышууга 11 партия документ тапшырган. Алар төмөнкү тартипте жайгашат:

1 «Кыргызстан элдеринин кызматташтыгы»;

2 «Өнүгүү-Прогресс»;

3 «Кыргызстан»;

4 «КСДП»;

5 «Жаңы шаар»;

6 «Кайнар»;

7 «Ата Мекен»;

8 «Республика – Ата Журт»;

9 «ЭлАман»;

10 «Элдик-Народная»;

11 «Ак-Шумкар».

«Биз 10-ноябрга чейин талапкерлердин документтерин текшеребиз. Алардын соттолгонун же соттолбогонун тактайбыз. 11-ноябрдан тарта үгүт иштери башталат. Үгүт иштери шайлоого 1 күн калганда токтотулат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×