Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 01.11.2016 13:48

Кара-Балта шаардык кеңешин шайлоого 11 партия катышат

Turmush -  Кара-Балта шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 11 саясий партия каттоодон өттү.  

Жайыл райондук аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоого катышуучу партиялардын документтерин кабыл алуу кечээ, 31-октябрда токтотулду.

Каттоодон өткөн партиялар:

- «Элдик-Народная»;

- «Өнүгүү-Прогресс»;

- «ЭлАман»;

- «Жаңы Шаар»;

- КСДП;

- «Республика — Ата Журт»;

- «Кыргызстан»;

- «Ак-Шумкар»;

- «Кайнар»

- «Ата Мекен»;

- «Содружество - партия народов Кыргызстана».

Талапкерлердин документтери 10 күндүн ичинде текшерилет. Текшерүүлөрдөн кийин гана үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×