Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 31.10.2016 10:39

Айыл турмушу: Т.Артыкбаев 20 жылдан бери жетекчилердин жеке айдоочусу болуп эмгектенет (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын тургуну Тахир Артыкбаев 20 жылдан бери жетекчилердин айдоочусу болуп эмгектенет. Аймактык кабарчы айдоочу менен таанышты.

Анын айтымында, үй-бүлөсү менен айдоочулук кесипти аркалашат. Атасы 35 жыл унаа айдаган. Агасы Закир да Кара-Балта—Бишкек каттамында унаа айдайт. Өзү учурда шаардын башкы санитардык дарыгеринин айдоочусу.

 1

«Ал кезде Калинин району болчу. Биз атам жана агам болуп колхоздо иштеп баштадык. Мен алгач ашканаларга азык-түлүк ташычумун. Кийин кант чыгаруучу ишкананын жетекчиси М.Ибрагимовго айдоочу болдум», - деди ал.

Ал 25 жылдык айдоочулук тажрыйбасында 20 жылдан бери мамлекеттик кызматтардын жетекчилерин ташып келе жатат.

«Бүгүн айдоочу болуштун кыйынчылыгы жок. Бирок жеке айдоочу болуп, бир ордунда кармалуу оор. Жеке айдоочу болуунун да өзүнүн сырлары бар. Жеке айдоочу болуу өтө чоң жоопкерчилик. Жетекчиң күнү-түнү чалып, чакырып калышы мүмкүн. Ошондуктан мен дайыма даяр болушум керек. Эң башкысы жетекчинин коопсуздугу. Ошондуктан унаа дайыма көзөмөлдө болуп, тетиктери бузулбай турушу керек. Кээде техникалык мүчүлүштүктөр болуп калса, жетекчилер түшүнүү менен мамиле кылышат», - деди Артыкбаев.

Айдоочунун айтымында, бул кесипте айдоочунун маданияты да чоң мааниге ээ. Ал коммуникабелдүү, интеллектуалдуу, өз ишин мыкты билген механик, психолог болушу керек. Ошондой эле, кайсы учурда «тилин тишине катып турууну» билиши керек. Ошондо гана айдоочу өзүнүн «жүргүнчүсү» менен достошо алат.

2

«Мен чиновниктер менен иштешип жүргөндө көп кесиптештерим башка тармактарга кетип калышты. Өзүмө жетекчилерди ташыган жагат. Ар бир жетекчиден кандайдыр бир нерсени үйрөнөм. Мисалы саясатты түшүнөм, болбосо тигил же бул аймактын санитардык абалын аныктай алам», - деди айдоочу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×