Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 02.09.2016 16:43

Кара-Балтада балдардын 8 командасы катышкан футбол турнири өттү (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарында Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата балдар арасында футбол боюнча турнир өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Турнир бир жума бою өткөрүлүп, финалдык беттешүү 31-августта «Манас» спорт комлексинде болду. Мелдешке 2005-2006-жылкы жаш футболчулар катышты.

Спорт комлекстин директору Айбек Аманбаевдин айтымында, мелдешке 8 команда катышты, алар Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан келишкен.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча 1-орунду Бишкек шаарынын «Бешик-Таш» командасы, 2-орунду Кант шаарынын «Абдыш-Ата» командасы жана 3-орунду Кара-Балтанын футболчулары ээледи. Жеңүүчүлөр кубок, медаль, дипломдор менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×