Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 02.08.2016 16:51

Кара-Балта шаарынын шахматчылары ардагерлердин мелдешине катышты

Turmush -  Кара-Балта шаарынын шахматчылары Бишкекте 19-31-июль күндөрү өткөн ардагерлердин мелдешине катышты.

КРнын Шахмат федерациясынын Жайыл району жана Кара-Балта шаары боюнча координатору Марат Кожомбердиевдин айтымында, кара-балталык команданын атынан эки спортчу — Эрнист Жакыпов жана Токтор Касымбеков чыкты. Улгайган эки спортчу байгеге ээ болбосо дагы татыктуу оюн көрсөтүштү.

Турнирге өлкөнүн 55 жаштан 85 жашка чейинки 60ка жакын күчтүү шахматчылары катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×