Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 11.06.2016 10:26

Айыл турмушу: Спорттун чебери А.Канцуров 35 жылдан бери футболчуларды машыктырат (фото)

Turmush -  Спорттун чебери Александр Степанович Канцуров 1949-жылы Кара-Балта шаарында туулган. Советтер Союзу учурунда футбол боюнча «Алга» республикалык командасында ойногон.

Ал 1967-жылы ийгиликке жетишип, СССРдин биринчи лигасында 3-орунга ээ болгон. Александр Канцуров команданын мыкты оюнчусу аталган. Мындан улам ал футбол боюнча спорттун чебери болгон.

Аны Россиянын жана Тажикстан менен Өзбекстандын командаларына ойноого чакырышкан. Бирок, ал Кыргызстандын «Алга» командасында ойноп калган.

А.Канцуров 1980-жылдан бери Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексинде футбол боюнча машыктыруучу болуп иштеп келет. Бүгүнкү күндө анын 7 жаш спортчусу футбол боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр командасынын курамында ойнойт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×