Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 24.05.2016 09:50

Айыл турмушу: Кара-Балтадагы жаш музыкант бала бакчадагы балдар менен иштөөнү жактырат (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын 1982-жылы туулган тургуну Игорь Чернов бала бакчада музыкант болуп иштейт.

И.Чернов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал Жайыл районундагы музыкалык мектепти, Бишкектеги М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды жана Б.Бейшеналиева атындагы искусства институтун бүтүргөн.

Окуудан кийин 2009-жылы Кара-Балта шаарындагы «Золотой Петушок» бала бакчасына музыка сабагынан мугалим болуп орношкон, ошол убакыттан бери бала бакчада иштеп келет.

Ал фортепиано, баян, гитара жана аккордеон музыкалык аспаптарында ойнойт. Музыкант бала бакчага убактылуу иштеп туруу үчүн гана орношкондугун айтат. Бирок, ага балдар менен иштөө абдан жаккандыктан, бул жерде калып калган.

«Мен ошондой эле музыкалык мектепте дагы иштейм. Бирок, менин негизги жумушум балдар менен иштөө деп эсептейм. Алар менен бат эле тил табышам. Балдар музыканы жакшы көрүшкөндүктөн, бардыгын бат эле кабыл алышат», - деди И.Чернов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×