Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 18.05.2016 08:42

Москва районундагы жаш боксчулар эл аралык мелдештен эң жакшы ийгилик жаратты

Turmush -  Москва районунда СССРдин баатыры Манхуза Ванахунанын элесине арналган бокс боюнча III эл аралык мелдеш өттү. 3-майдан 8-майга чейин Александровка айылында өткөн мелдешке Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын 370 спортчусу катышты.

Беттештер 2002-2003 жана 2004-2005-жылдары төрөлгөн балдар арасында жүрдү.

Бокс боюнча башкы машыктыруучу Руслан Байсариевдин айтуусуна караганда, эл аралык мелдешке «Манас» спорт комплексинин 22 боксчусу катышты. Алардын экөө жеңүүчү аталса, жетөө байгелерге ээ болушту.

Машыктыруучу Александр Макаровдун тарбиялануучулары мелдештен 7 медалга ээ болуп кайтышкан.

Мелдештин эң жаш катышуучусу — 2007-жылы туулган Эльмар Сатаркулов 30 кг салмакта I орунга ээ болсо, 34 кг салмак менен 2005-жылы туулган Бахтияр Шавкетов да I орунду багындырды. Машыктыруучунун айтымына караганда, балдардын Орусия жана Казакстандан келген атаандаштары күчтүү болду.

Жыйынтык:

- II орун - 37 кг салмактагы Артур Буранов, 2003-жылы туулган;

- III орун - 40 кг салмактагы Алмаз уулу Адилет, 2003-жылы туулган;

- III орун - 38 кг салмактагы Максим Гребенников, 2004-жылы туулган;

- III орун - 36 кг салмактагы Марсел Тажибаев, 2005-жылы туулган;

- III орун - 36 кг салмактагы Эльзат Сатаркулов, 2005-жылы туулган;

Ошондой эле, машыктыруучу Руслан Байсариевдин тарбиялануучулары коло медалдын ээси болушту.

Алар:

- 30 кг салмактагы Николай Моргунов, 2003-жылы туулган;

- 44 кг салмак менен Адилет Нурдинов, 2002-жылы туулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×