Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 17.05.2016 08:45

Кара-Балтадагы бирмандык бокс боюнча эл аралык турнирге 300гө жакын өспүрүм катышты

Turmush -  Кара-Балта шаарында 13-15-май күндөрү Полтава айыл аймагынын мурунку жетекчиси Тимур Бекбоевдин жаркын элесине арналган бирмандык бокс боюнча эл аралык турнир өттү. Аталган иш-чара 4 жылдан бери өткөрүлүп келет.

КРнын Бирмандык бокс боюнча федерациянын президенти Каныбек Бекбоевдин айтымына караганда, буга чейин Кара-Балта шаарында чемпионат болуп гана өткөрүлүп келген. Былтыркы жылдан тарта аталган турнир эл аралык деңгээлге чыкты. Мелдешке Кыргызстандын аймактарынан жана Казакстандан келген спортчулар катышты.

«Мелдеште жеңишке жеткендер атайын дипломдор жана кубоктор менен сыйланып, катышуучулардын арасынан мыктылары тандалды. Ошондой эле Орусияга барып келдик. Ал жакта да жеңишке жеткендер болду.

Кара-Балтадагы мелдешке 7 жаштан 18 жашка чейинки 300 бала катышты. Жеңүүчүлөрдү тандоо беш салмактагы даража боюнча жүргүзүлдү», - деди ал.

К.Бекбоевдин айтуусуна караганда, спорттун бирмандык бокс түрү биздин өлкөдө эми гана жанданып келе жатат. Спорттун бул түрү айрыкча жаштар арасында популярдуу болууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×