Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 06.05.2016 11:04

Россиядагы кинофестивалга катышуу үчүн Кара-Балтада согуш тууралуу тасма тартылууда

Turmush -  Кара-Балта шаарында Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу документалдык тасма тартуу иштери башталды. Уюштуруучулардын айтымында, тасма ар кандай эпизоддордон куралат.

«Мисалы Улуу Ата Мекендик согуштун 95 жаштагы ардагери Павел Петрович Нестеров согуш учурунда жүк ташуучу унаа менен жараат алган жоокерди сактап калгандыгы боюнча эпизодду айтып берди. Тасмада ардагерлердин эскерүүлөрүнөн тышкары Улуу Жеңишке арналган иш-чаралардан кадрлар кошулат. Тасма бир ай аралыгында тартылат. Андан кийин аны Россиядагы кинофестивалга жөнөтүү пландалууда. Жыл сайын Крымда «Чогуу жеңдик» деп аталган кинофестиваль өткөрүлөт. Бул жылы аталган фестиваль 12-жолу өткөрүлүүдө», - дешти демилгечилер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×