Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 04.05.2016 10:36

БШК Е.Тортаевди Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты кылып бекитти

Turmush -  Кара-Балта шаардык кеңешинин курамына Ерлан Тортаев кошулду. БШКнын чечими менен «Республика» партиясынан шайланган Айбек Аманбаевдин мандаты кийинки тизмедеги талапкерге берилди.

Жаңы депутат — Тортаев Ерлан Сагынбекович 1978-жылы Кара-Балта шаарында туулган. Ал буга чейин банктын шаардагы филиалынын директору болуп эмгектенген.

Мурда маалымдалгандай, мандатын тапшырган А.Аманбаев «Манас» спорттук клубунун директору болуп дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×