Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 29.04.2016 08:45

Айыл турмушу:Кара-балталык М.Острожнов сигнализациянын брелогу аркылуу унааны от алдыргыч ойлоп тапты (видео, фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын тургуну Михаил Острожнов сигнализациянын брелогу аркылуу унааны от алдыргыч ойлоп тапты.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, 37 жаштагы М.Острожнов кесиби боюнча электрик. Үй шартында унаалар үчүн автозавод чогулткан.

Анын кыймылдаткычын ишке киргизүү үчүн үн чыгаруучу (автосигнализация) баскычты гана басып коюу жетиштүү. Ошондой эле ачкычка «пуск» белгиси орнотулган.

«Учурда көптөгөн унаалардагы кыймылдаткычты ишке киргизүүдө эски система колдонулбайт. «Пуск» белгиси жок жабдык 3 миң сом, ал эми «пуск» белгиси менен 7 миң сом турат. Мен схеманы өзүм түзүп чыгып, чогулттум. Буга 4 сааттан ашык убакыт короду. Сигнализацияны башкаруу үчүн эң арзан баадагы пульт колдонулду. Аягында автозавод заводдо жасалгандай эле болду», - деди Михаил.

Бул эмгекти жасоо анын оюна унаасынын ачкычын жоготуп алган учурда келген.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×