Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 25.04.2016 15:18

Кара-Балта шаардык кеңешинин вице-спикери болуп Ф.Абдылдаева дайындалды

Turmush -  Кара-Балта шаардык кеңешинин вице-спикери болуп «Республика» партиясынан Фанаргүл Абдылдаева дайындалды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы. Фракция вице-спикерликке Ф.Абдылдаеванын талапкерлигин сунуштаган. Ал Ольга Архипованын ордуна дайындалды.

Маалым болгондой, Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасынын эки орун басары бар — Кенжебек Алыбаев жана Фанаргүл Абдылдаева. Айрым депутаттар эки орун басар бир тууган экендигин айтууда. Бирок Ф.Абдылдаева бул маалыматты четке кагып, алар болгону бир айылдан— Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылынын чыкканын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×