Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 15.04.2016 12:08

Айыл турмушу: Кара-Балтада жашаган мурунку милиционер гармошкалардын түрүн топтойт (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын тургуну, пенсиядагы милиционер Рафаэль Гарипов гармонь (гармошка) музыкалык аспабын чогултуу менен алек. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы анын коллекциясына күбө болуп келди.

«Гармонь менен баян татар жана башкыр элдеринин байыркы музыкалык аспабы. Үй-бүлөбүз менен бул аспаптарга кызыгабыз. Чоң атам, атам, агам да гармошка, баяндарда ойной алышчу. Бала кезимде оркестрдик ийримге барчумун. Кечинде атам гармошкада ойногонду үйрөтчү», - деди ал.

Аксакал азыр үй-бүлөлүк өнөрдү небереси Даниелге үйрөтүп жатат. Небереси күнүгө бир нече саат музыкалык аспапты чертүү менен алектенет.

«Менин эң жакшы көргөн гармонум чоң атамдан калган. Ал колго жасалган раритет, абдан аярлап сактайм. Музыкалык аспаптарды 1980-жылдан тарта топтой баштадым», - деди аксакал.

Учурда анын үйүндө 20 гармошка бар. Алардын көпчүлүгү колго жасалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×