Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 14.04.2016 14:33

Кара-балталык самбочулар эл аралык мелдеште байгелүү орунга татыды (фото)

Turmush -  Самбо жана дзюдо боюнча дүйнөлүк жана Азия чемпионаттарында бир нече жолу байгелүү орундарды багындырган, эл аралык класстагы спорт чебери Б.Рахатбековдун жаркын элесине арналып 8-апрелден 10-апрелге чейин Бишкек шаарында самбо боюнча IV эл аралык турнир болуп өттү.

Ага Кара-Балта шаарындагы «Самбо» спорттук клубунун машыктыруучусу А.Маматбековдун жетекчилиги менен 10 спортчу катышты. Мелдешке катышуу үчүн 10-14 жаштагы 620 спорчу Россия, Орто Азия, КМШ өлкөлөрүнөн келди.

Мелдештин жыйынтыгында кара-балталык Артур Раковский 17 атаандашын жеңип, күмүш медалга ээ болду. Ошондой эле Расул Халимжанов 7 спортчуну жеңип, коло медалга тытыды.

Ал эми «Самбо» спорт клубунун машыктыруучусу А.Маматбеков спортчуларды мыкты деңгээлде даярдагандыгы үчүн КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу наамын алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×