Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 12.04.2016 15:13

Кара-Балта шаардык кеңештин депутаттары бюджетти кабыл албай, кайым айтышуу менен тарады

Turmush -  Кара-Балта шаарынын бул жылдагы бюджетин бекитүү үчүн чогулган шаардык кеңештин депутаттары кайым айтышуу менен тарады. Кечээ, 11-апрелдеги отурумга кеңештеги 31 депутаттын ичинен 30у чогулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Күн тартибине 9 маселе коюлуп, анын эң маанилүүсү — шаардын бул жылдагы бюджетин бекитүү болду. Бирок депутаттар бюджеттин долбоорун талкууга албастан, аягына чейин бүтүрүү үчүн жөнөттү.

Маалым болгондой, бюджеттик комиссия буга чейин 9 отурум өткөрүп, акыркысында 2016-жылдын бюджетин кабыл алган.

Кечээки сессиянын жүрүшүндө депутаттардын ортосунда пикир келишпестиктер жаралып, вице-спикер К.Алыбаев кесиптештерине тарап кетүүнү сунуштады. Аны айрым кесиптештери колдоп, бирок мандатын тапшыргандар болгон жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×