Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 12.04.2016 14:28

Айыл турмушу: Кара-балталык Татьяна өзү жасаган буюмдар менен имараттардын ичин өзгөчө кооздойт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын жашоочусу Татьяна шаардагы дүкөндөрдү, чачтарачтарды кооздоо менен алектенет. Мен кесибим боюнча бухгалтермин, деди ал Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде.

Айтымында, ал балдардын кийимдерин саткан жеке дүкөнүн ачкан. Мындан бир жыл мурун дүкөндөрдү өзү жасаган түрдүү, кооз буюмдар менен жасалгалоого кызыга баштаган.

«Дүкөндөгү кичинекей кыздардын көйнөгү көпкө чейин сатылбай турду. Мындан улам атлас тасмадан гүл жасап, шурулар менен көйнөктү кооздоп койдум. Кооз көйнөккө кардарлар дароо көңүл бура баштады. Ошондон кийин балдардын кийимдерине аксессуар жасоо идеясы келди. Ошентип отуруп бул жумушум өнүгүп, Рождество күнүнө ылайык венок жасап, дүкөнгө илип койдум. Келген кардарлар ал венокту кайдан алгандыгымды сурай баштаганда, биздин күнүмдүк жашообузга кооздуктар, гүлдөр жетишпей жатканын түшүндүм. Алгач өзүбүздүн дүкөндү кооздодум. Анткени күнүбүздүн көп бөлүгү дүкөндө өткөндүктөн кооз жерде отурууну каалайбыз», - деди ал.

Ошондой эле ал буюртма аркылуу көп иштебегендигин, негизинен илхом келип турган кезде гана кооз буюмдарды жаратарын белгиледи.

«Мунун барын үйрөнүп, жасоо үчүн аракет деле кылган жокмун. Жан дүйнөм ушуну каалап турду, колдорум болсо бул жумушту өтө жеңил аткарып жатты. Кооздуктарды жасоо менен алектенгенде кадимкидей эс ала түшөм. Кээ бир учурда жасап жаткан үй жумуштарымды таштап салып, ушундай кооздуктарды жасоого киришем. Өзгөчө куурчактардын жана кыздардын ободокторун жасаган жагат.

Жууп-тазалоочу каражаттарды саткан дүкөндөн буюртма түшүп, анын ичин жасоо үчүн негизинен зым пайдаландым. Зымды шар түрүнө келтирип, тоголоктоп ийгенден кийин түрдүү түстөгү кагаздар менен кооздодум. Андан соң тазалык каражаттары тизилген текче жасадым. Ал өтө кооз жасалгаланды, мындай дүкөн шаарда жок.

Өзүмдүн дүкөнүмдөгү кооздуктар кардарларды кызыктырса сатып алса болот», - деди Татьяна.

Мындай буюмдарды жасоо үчүн ал кездеме, кагаз, гүл жана башка каражаттарды колдонот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×