Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 12.04.2016 14:18

Кара-Балтадагы «Манас» спорт комплекстин төрагалыгына депутат келди

Turmush -  Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты муниципалдык «Манас» спорт комплексинин төрагасы болуп шайланды. Шаардык кеңештин депутаттары аталган орунга Айбек Аманбаевдин («Республика») талапкерлигин колдоду.

Жергиликтүү депутат Фанаргүль Абдылдаева белгилегендей, спорт менен билим — өнүгүү менен ийгиликтин ачкычы болуп эсептелет. Андыктан бул тармактардын жетекчилигине жаш адистердин келиши өзгөчө мааниге ээ.

Эми А.Аманбаев депутаттык мандатын тапшырышы керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×