Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 11.04.2016 14:02

Айыл турмушу: Кара-балталык Татьянанын эргүү менен жасаган өзгөчө кооз буюмдары (фото)

Turmush -  Кара-Балтанын тургуну Татьяна дүкөн ачып, жаш балдардын кийимдерин кооздоп сатуу менен алектенет. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маектешти.

«Мен жаш балдардын кийими жакшы сатылбай турганын байкадым. Ойлонуп отуруп атлас чүпүрөктөн тигилген кийимди бантик жасап кооздоп койдум. Ал кийимге көп кардарлар кызыга баштады. Мага жаш балдардын кийимдери үчүн аксессуарларды жасоо идеясы келди. Андан кийин жаңы жылдык гүлдөрдү жасап, дүкөндүн эшигине илип койдум. Жашоочулар андай гүлдөрдү кайдан алса боло тургандыгын сурай башташты», - деди ал.

Чебер айым буюртма алып иштөөдөн жакшы пайда таба албагандыктан өз каалоосу менен гана иштей тургандыгын белгиледи.

«Буюмдарды жасап жатканда жан дүйнөм эс алат. Мага көбүнчө куурчактарга жана турмушка чыга турган кыздардын чач жасалгасында колдонулуучу кооздуктарды жасаган жагат. Чет өлкөлөрдө кафелерде сага бир нерсе жагып калса, кафеден аны сатып алсаң болот. Менин дүкөнүмдө да ушундай, кардарларга кандайдыр бир жасалга жагып калса сатып алат», - деди Татьяна.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×