Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 08.04.2016 17:22

Кара-балталык окуучулар бокс боюнча облустук мелдеште 2-орунга ээ болду

Turmush -  Окуучулар арасында бокс боюнча өткөн Чүй облустук спартакиадада Кара-Балта шаарынын командасы 2-орунга ээ болду. Бул тууралуу «Манас» спорт комплексинин бокс боюнча машыктыруучусу Руслан Байсариев билдирди.

Анын айтымында, Токмок шаарында өткөн спартакиадага 1998-1999-жылы туулган өспүрүмдөр катышты.

Кара-Балта шаарынан 10 окуучу катышып, мелдештин жыйынтыгы боюнча 2-орунга ээ болушту. Ал эми Токмок шаарынын командасы 1-орунду багындырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×