Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 08.04.2016 08:36

Айыл турмушу: Кара-балталык пенсионер Л.Слюсаренко майып абышкасы менен кулпунай өстүрүп, тиричилик өткөрүшөт (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарында жашаган пенсионер Лидия Слюсаренко элдик революцияга арнап, 6 жылдан бери 7-апрель күнү бирден көчөт отургузат. Ал бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон баарлашуусунда маалымдады.

64 жаштагы Лидия Андреевна 43 жыл медайым болуп эмгектенген. Пенсияга чыккандан кийин чарбагында кулпунайдын жана малинанын бир нече түрүн өстүрүү менен алектене баштаган. Алгач абышкасы экөө кулпунай менен малинаны үй-бүлөсү үчүн гана өстүрүп башташкан. Бирок кийинчерээк кардарлар келип, сатууну сунушташкан.

«Бул жылы жаңы сезонго даярдык февралда эле башталды. Ар күнү 3-4 сааттан чарбакта иштейм. Бул бизге окшоп улгайгандар үчүн оор. Бирок башка эмне кылабыз? Жашоо мажбурлап жатат. Анын үстүнө биздин колдон келе турган иш ушул. Азыр кулпунай менен малинанын бир нече түрү өсөт. Эрте быша турганы, кеч быша турганы, жайы бою мөмө бере тургандары бар», - деди ал.

Өткөн жылы абышкасы экөө чарбактагы өсүмдүктөргө жайында сууну кенен жеткирүү үчүн скважина каздырып, суу чыгарышты. 4,5 сотых тилкеде өскөн кулпунайлардан тышкары гүлдөрдүн ондогон түрлөрүн өстүрүшөт.

Слюсаренколордун үй-бүлөсүндө апрель революциясына байланышкан жаңы салт пайда болду. 6 жылдан бери 7-апрель күнү Лидия Андреевна абышкасы Владимир Андреевич экөө дарактын 1 түп көчөтүн отургузушат.

«Азыр чарбагыбызда апрель революциясынын урматына тигилген 4 алма, 2 алмурут өсүп турат. Биринчи болуп отургузулгандар мөмө бере баштады», - деди ал.

Анын абышкасы майыптардын арабасында отурганына карабай тиричилик кылууга көмөктөшөт. Владимир Андреевич короодо коендорду жана чочколорду багат. Ошондуктан алардын үйүндө базардан алынган азыктар өтө аз. Үйдө дайыма жер-жемиштер, эт, жумуртка турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×